Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, тазалоо иштери Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 0-26-чакырым аралыгында жүрүп жатат.
Маалыматта айтылгандай, жеринде №36 Жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери иштешүүдө, унаа кыймылына чектөөлөр жок.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.