Бүгүн, 17-апрелде эртең мененки саат 08:00дөн тарта Төө-Ашуу ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда жол ачык, бороон жүрүп жатат.
Тейлөө кызматтары тарабынан тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, буга чейин аба ырайынын өзгөрүшүнөн улам ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.