• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат (графиги)

29 Теке 2022 10:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29 июлдан 7-августка чейин маал-маалы менен Төө-Ашуудагы К. Көлбаев атындагы тоннелде унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Транспорт министрлиги эскертет.

Бул күндөрү күз-кыш мезгилине даярдык көрүү үчүн жолду оңдоо-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.

График:

Саат 04:00 — 06:00гө чейин,

08:00 — 10:00гө чейин,

12:00 — 14:00гө чейин жабылат.

Калган убакта каттам толугу менен ачык болот.

«Айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 395