Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы туннель бир тараптуу убактылуу жабылууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашты.
Белгилүү болгондой, Бишкек — Ош унаа жолунун 129-чакырымындагы тоннель бүгүн саат 15:25тен тарта бир тараптуу убактылуу жабылып, ачылып турат.
Мындай чечим №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу кабыл алынды.