• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Төө-Ашуудагы туннел маал-маалы менен жабылып турат

10 Теке 2023 17:20 Бишкек Govori.TV

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталат. Буга байланыштуу унаалардын өтүүсүнө 10 саатка чейин убактылуу чектөөлөр киргизиле баштайт. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, туннелдин так жабылуу убактысы азырынча анык эмес. Эртең, 11-июлда иштөө жана жабылуу убактылары так жарыяланат.

Маалым болгондой, буга чейин тоннелде электр чубалгылары толугу менен алмаштырылып, прожекторлор орнотулуп, актоо, сырдоо жана бетон плиталарын алмаштыруу иштери аяктаган.

Алдын ала болжолдоолор боюнча асфальттоо иштери ушул жумада башталып, 2 жуманын ичинде бүткөрүлөт.

Количество просмотров: 114