Бишкек мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине маек куруп, учурдагы болбор калаада вирустун күчөп жатканы тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, элге айтып түшүндүрө албай жатабыз деген билдирүүсүн айтты.
«Учурда базарларда жуктуруп алып, олтургандар бар. Айтсаң түшүнүшпөйт, сен багасыңбы деп. Эгер көбөйүп кетсе шаарды жапканга мажбур болобуз. Эрежелерди так сактасак эле бул илдет жукпайт. Биздин мэриядан бир нече кызматкерлер тажы илдетин жуктурушту, аралыктан иштөөгө өтүп жатабыз, эч кимди кабыл албайбыз. Ар ким ар кайсы пикирлерди айтып чыгып жатышат», — деди Түлөбаев.