• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түлөбаев президентке кайрылып, медиа коомчулугу менен сүйлөшүүгө барууга чакырды

18 Үчтүн айы 2024 11:47 Бишкек Govori.TV

Парламент жыйынында ЖК депутаты Балбак Түлөбаев президентке кайрылып, медиа коомчулугу менен сүйлөшүүгө барууга чакырды.

«Чет өлкөдө олтурган эксперт биздин өлкөнүн ички саясатын кайдан билет? Ошондуктан өзүбүздүн журналисттер менен жолугуп, сот органдары, прокуратура, ички иштер органдарынан өкүлдөрү жаныңызга алып, медиа коомчулук менен сүйлөшүңүз, мунасага келиңиз. Бул азыр ушундай көрүнгөнү менен алдыдагы убакытта залакасы тиет өлкөгө. Өлкөбүз өсүп өнүгүп келе жатат. Эч кимден жалдырабай, өз саясатыбызды жүргүзүүгө аракет кылып келебиз, бирок мындай нерселер залакасын тийгизет. Журналисттердин арасындагы кээ бир тентектерди тыйсын, аксакалдары, туура, түз жүргөн журналисттер өздөрү жөнгө салсын» , — деди депутат.

Эске салсак, 17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медианын” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин 13-мартка чейин камакка алды.

16-январдын таңында Ички иштер министрлиги алардын үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирди.

Количество просмотров: 112