• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түмөнбай Колдошов маданият жана искусство университетинин ректору болду

12 Үчтүн айы 2023 21:53 Бишкек Govori.TV

Обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошов Бишкектеги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалды.

Аны 12-январда университеттин жамаатына билим берүү жана илим министринин орун басары Талантбек Бекташов менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов тааныштырды.

Университетти 2014 -жылдан бери башкарып келген мурдагы ректор Мамашарип Чотонов былтыр 8-декабрда мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Декабрда жетекчилик кызматка сынак жарыяланып, талапкерлерден документ кабыл алуу 28-декабрда аяктаган. Натыйжада алты адам, алардын үчөө ошол мекемеде иштегендер талапкер болгон. Эң көп добушту, алдын ала эсептөө боюнча, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Түмөнбай Колдошов алганы маалымдаган.


Ошол эле кезде окуу жайдын жамааты 11-январда видео кайрылуу жарыялап, жетекчи сырттан эмес, жамааттын ичинен чыккан адам болсун деген талапты айтышкан.

Түмөнбай Колдошов былтыр сентябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалган. Ага чейин ал Бишкек музыкалык-педагогикалык коллежинин жетекчиси болчу. 

Булак: Азаттык

Количество просмотров: 531