• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Түндүк электр» энергия пайдаланууга чектөө койду

8 Жетинин айы 202116:44 Бишкек Govori.TV

 «Түндүк электр» электр энергиясын колдонууда кубаттуулукка чектөө киргизди. Бул тууралуу аталган ачык акционердик коомдун маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, Суу-энергетикалык ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу жана электр энергиясын керектөөнүн белгиленген лимиттерин сактоо үчүн «Түндүк электр» ишканасы электр энергиясын керектөө боюнча эсептегичтерге лимит койду.

«Бир фазалуу абоненттер үчүн электр энергиясынын чеги 5 кВтка чейин, ал эми үч фазалуу абоненттер үчүн 10 кВтка чейин белгиленген»,-деп айтылат маалыматта.

Суроолор боюнча 1209, 0772 001209, 0702 001209, 0556 001209 телефондору аркылуу кайрылууга болот.

Кошумчалай кетсек, «Түндүк электр» Бишкектеги, Чүйдөгү жана Таластагы абоненттерди тейлейт.

Количество просмотров: 1610