• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна кар көчкү түшүп, жабылды

7 Жалган куран 202617:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-мартта саат 15:24 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 198-200-чакырымында кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда атайын техника тартылып, кар көчкүнү тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Кар көчкүнүн көлөмү такталууда.

5-марттан 10-мартка чейин туруксуз аба-ырайына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Мындан улам аталган жолдор аркылуу сапарга чыгууда унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгы эскертилүүдө.

Количество просмотров: 179