• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Түндүк-Түштүк альтернативдик жолуна кар көчкү түштү

12 Бирдин айы 20269:50 Бишкек Govori.TV

Транспорт министрлигинин маалымат кызматы билдигендей, бүгүн, 12-февралда Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун Арал-Казарман бөлүгүндө 243-296-чакырымдар аралыгына кар көчкү түштү. Азыркы тапта көчкүнүн көлөмү такталууда. Жол эки тараптуу жабык.

Тазалоо иштери министрликке караштуу №18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.
Коопсуздукту камсыз кылуу максатында жерине атайын техника тартылып, жолду тазалоо иштери уланып жатат.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 127