• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түп токой чарбасынын кызматкерлери мамлекетке 5 млн сомдой зыян келтирген

21 Аяк оона 2022 13:09 Бишкек Govori.TV

Түп токой чарбасынын кызмат адамдары мамлекетке дээрлик 5 млн сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Түп токой чарбасынын кызмат адамдары тарабынан 2020-2021-жылдар аралыгында токой өстүрүү, өнүктүрүү, сактоо жана коргоо багытындагы кызматтарды аткаруу боюнча жалпы 4 млн 981 миң 300 сом акча каражатына конкурс одоно мыйзам бузуу менен жүргүзүлүп, андагы белгиленген кызматтар аткарылбай, акча каражаттарын сиңирип алышкан.

Тергөө учурунда аталган токой чарбанын Т.К., Ж.К жана Б.К. аттуу кызмат адамдары шектүү катарында кармалып, алар Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен айыптары угузулуп, ээлеген кызматтарынан четтетилген.

Тергөөнүн алкагында мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын 2 млн 690 миң 300 сому накталай өндүрүлүп, учурда кылмыш иши сот тарабынан негизинен каралууда.

Количество просмотров: 159