Кыргызстанда селден келтирилген зыян эсептелди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Искендер Сулайманов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 28-майга карата селден келтирилген зыян 664 миллион 740 миң сомдон ашты. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте комиссиялар иштеп жатканын кошумчалады.
«Азыр Баткенде 3 үй жана Жалал-Абад облусунда 1 үй авариялык абалда деп табылды, биз 1 миллион сомдон камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөп берүүгө ниеттенип жатабыз. Калгандары боюнча комиссиянын иши уланууда», — деп белгиледи ал.
Парламент селден жабыркаган же үйүнөн ажыраган жарандарга камсыздандыруу төлөмдөрүн тездетүүгө чакырды.