Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги Талас облусуна караштуу Айтматов районунда 28-июлда жааган катуу мөндүрдүн чыгашысы эсептелгенин билдирди.
Ага ылайык, 769,5 гектар айдоо аянты жабыркаганы аныкталды.
«Жалпысынан 112 дыйкан чыгашага учурады. Төө буурчак эгилген талаалардагы зыян 54 миллион 648 миң сом, буудайдыкы 71,5 миң сом болду. Жарандык коргонуу комиссиясы акимчиликке жана Шекер айыл өкмөтүнө жабыркагандарга жардам көрсөтүү иштерин уюштурууну тапшырды»,-деп жазылган маалыматта.
Катуу мөндүр 28-июлда кечки саат бештер чамасында жааган жана Шекер айыл өкмөтүнө караштуу Арчагүл менен Кайнар айылдарынын ортосундагы талааны талкалап кеткен.