• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түптө үй карантиндин эрежесин бузган жаран обсервацияга алынды

19 Бугу 202011:46 Бишкек Govori.TV

Түп районунун Талды-Суу айылынын 1985- жылкы тургуну үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн облустук бириккен ооруканасынын обсервациясына алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Аталган жаран COVID-19 илдети аныкталган чет мамлекеттен келген жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен контактта болуп 7-майда үй карантинине жиберилген.

«17-18-май күндөрү үй карантининин эрежелерин бузгандыгы аныкталып, обсервацияга алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243гө жетти.

Количество просмотров: 99