• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Түптө өрт 4 жана 6 жаштагы балдардын өмүрүн алды

14 Аяк оона 2021 22:15 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунда өрт 4 жана 6 жаштагы балдардын өмүрүн алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, бүгүн, 14-сентябрда Түп районунун Сары-Булуң айылынын Жаштык көчөсүндө турак үйдүн короосундагы чөп күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Жерине Түп районунун №34 өрткө каршы бөлүмүнөн бир бөлүмчө тартылып, саат 15:00 дө чектөөгө алынган, 17:45де толугу менен өчүрүлгөн.

«Өрт кырсыгынын кесепетинен 2017-2015-жылы туулган өспүрүмдөр каза болду»,-деп айтылат маалыматта.

Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 816