• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Төрөбаев экспортко багытталган ишканалардын өкүлдөрү менен жолукту

20 Чын куран 2022 10:35 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экспортко багытталган жана IT ишканалар тармагынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Кеңешменин жүрүшүндө «Лейлек» жана «Бишкек» эркин экономикалык аймактарын өнүктүрүү маселелери, бөтөлкөдөгү сууну маркировкалоо, жер казынасын пайдалануу укугуна жана жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдардын ставкасын төмөндөтүү, эл аралык логистика, жеңил өнөр жайды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Кеңешменин жыйынтыгында мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди. Атап айтканда, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине Экономика жана коммерция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги жана жүк ташуучулар ассоциациялары менен биргеликте эл аралык каттамдардагы логистикалык шарттарды жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуусу жана Президенттин Администрациясына сунуш киргизүүсү тапшырылды.

Экономика жана коммерция министрлигине Wildberries маркетплейсте ата мекендик жеткирүүчүлөрдүн катталуусун жана толук кандуу ишин калыбына келтирүү маселесин, ошондой эле Кыргызстанга келүүчү IT адистерди каттоо жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүү маселелерин иштеп чыгуу тапшырылды.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга «Лейлек» ЭЭА инфраструктуралык маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүсү тапшырылды.

Количество просмотров: 49