• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бакыт Төрөбаев интернетке тараган аудио боюнча комментарий берди

24 Бирдин айы 202613:52 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев социалдык тармактарга тараган аудио тууралуу 24-февралда “Азаттыкка” түшүндүрмө берди.

Ал аудиодогу сүйлөшкөндөр өзү менен бир тууган агасы Жолдошалинин уулу Эркин Төрөбаев экенин ырастады.

Төрөбаевдин айтымында, ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылып, Манас шаарындагы “Барселона” академиясынын жанында инисинин жер тилкесин арзаныраак сатууга көндүрүп берүүсүн суранган.

“Мен иним менен көп байланышта болбогондуктан бул маселени тактоо үчүн бир тууган агама: “Эркиндин жери бар экен, сатып алабыз деп жатышыптыр, байланыштырып коёсузбу”, -деп айткам. Андан ары жер канчага сатылганы же кандай соодалашуу болгону боюнча кызыккан эмесмин. Жакында Эркиндин айрым мүлктөрү кимдир бирөөлөр тарабынан тартып алынганы тууралуу сөздөрдү угуп калдым. Чын-төгүнүн билүү максатында өзүнө телефон чалып, тактоочу суроолорду гана бергем”, — деген Төрөбаев.

Ал сүйлөшүү туугандык деңгээлде болгонун белгилеп, аудиону саясий максатта пайдаланбоону өтүнгөн.

Количество просмотров: 78