• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Төрага Шакиевдин талкуу жараткан сүрөтү жөнүндө басма сөз катчысы түшүндүрмө берди

22 Жетинин айы 2022 13:47 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Түркиядагы сапары маалында тартылган, учурда социалдык тармактарда талкуу жараткан сүрөтүнө байланыштуу анын басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев түшүндүрмө берди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына сүрөт Анкара шаарынын аба майданында, спикерди бейрасмий тосуп алуу учурунда тартылганын жазды.

«Расмий сапардын алкагында жолугушуулар, сүйлөшүүлөр эртең (22-ноябрда) башталат. Бейрасмий тосуп алуу маалындагы сүрөттү жарыялап, ар кандай олдоксон пикирлерди жазуу, талкууга алуу акылга сыйбаган көрүнүш. Кыргыз — түрк парламенттеринин достук тобунун жетекчиси С. Өзтүрк менен Жогорку Кеңештин төрагасы жана делегация курамындагылар аба майдандын VIP залында жөн гана ал-жай сурашып, учурашып отурган сүрөттү талкуулоо жана аны бурмалап, коомчулукту удургутуу осол иш деп эсептейм», — деп жазды.

Мунун алдында социалдык тармактарда Шакиевдин калың күрмөсүн жана калпагын чечпей, галстугу жок жолугушууда отурган сүрөтү жарыяланган жана анын дипломатиялык протоколду сактабаганы сынга алынган.

Количество просмотров: 7