• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түркия кыргызстандыктарды дарылоо үчүн квотаны көбөйттү

1 Жетинин айы 2018 11:03 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 01.11.2018.Govori.TV.
Кыргызстан менен Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги түркиянын клиникаларында кыргызстандыктарды дарылоо үчүн квотаны 150 кишиге чейин көбөйтүүнү сүйлөшүштү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2015-жылдан бери эки өлкө арасында келишим түзүлүп, анда кыргызстандык жарандарга Түркия тараптан жогорку квалификациялуу жардам көрсөтүлүп келет. Анда жылына 100 квота каралган.
Тандоону атайын комиссия жүргүзөт. Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине 50 квота, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигине 50 квота бөлүнүп берилет. Унаа, тамак-аш, жашоо, документтерди которуу чыгымдарын бейтаптар өздөрү төлөшөт.
Количество просмотров: 25