• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түркия орус газы үчүн төлөмдөрдү аткарууну 2024-жылга чейин жылдырышы мүмкүн

11 Бугу 2023 13:24 Бишкек Govori.TV

Түркия орус газы үчүн төлөмдөрдү аткарууну кийинки жылга чейин жылдырышы мүмкүн. Бул тууралуу Reuters агенттиги түркиялык булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Орусиянын «Газпром» компаниясы төлөө мөөнөтүн жылдырууга макул болгон жалпы сумма 4 миллиард долларга жетет. Анын ичинен 600 миллион долларды төлөө 2024-жылга чейин жылдырылган.

Түркиянын энергетика министри Фатих Донмез майдын башында «Газпром» менен макулдашуу жетишилгенин билдирип, бирок анын чоо-жайын тактап айткан эмес.

Түркиянын газ импортунун 39% Орусияга туура келет. Орус аскерлери Украинага басып киргенден кийин дүйнөдө газга болгон баалар кескин жогорулап кеткен. Мындан тышкары түрк өкмөтүнүн 2019-жылдан бери улуттук валютаны бекемдөө боюнча көргөн чараларынан улам Түркиянын экономикасындагы туруксуздук күчөгөн. 2021-жылдын жыйынтыгы менен өлкөдө инфляция 36%, 2022-жылы 80% ашкан.

14-майда Түркияда президенттик шайлоо өтөт. Социологиялык сурамжылоолорго ылайык, өлкөнүн учурдагы президенти Режеп Тайып Эрдоган бул шайлоодо жеңилип калышы мүмкүн. Анын рейтинги күнүмдүк керектөөдөгү товарларга болгон баалардын кымбатташына жана инфляцияга байланыштуу кыйла төмөндөп кеткен.

Түркия – Украинага кол салганы үчүн Орусияга киргизилген санкцияларга кошулбаган дүйнөдөгү көп эмес өлкөлөрдүн бири. Ошол эле маалда Анкара Киевге гуманитардык жана аскердик жардам берип, согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө өзүн ортомчу катары сунуштап келет.

Булак: centralasian.org.

Количество просмотров: 39