• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Түркияда мейманканадагы өрттөн бир үй-бүлөнүн 14 мүчөсү каза болгон

24 Үчтүн айы 202511:38 Бишкек Govori.TV

Түркиянын Карталкая лыжа базасында жайгашкан Grand Kartal мейманканасында чыккан өрттүн кесепетинен бир үй-бүлөнүн 14 мүчөсү каза болгонун Oxu.Az басылмасы түрк маалымат каражаттарына таянуу менен жазды.

Курман болгондордун арасында Түрк аба жолдорунун сатууну талдоо жана колдоо бөлүмүндө адис болуп иштеген Бахчелиевлер муниципалдык кеңешинин мурдагы башчысынын кызы Зехра Сена Гүлтекин, анын үч баласы, күйөөсү жана дагы тогуз тууганы бар экени айтылууда.

Маалым болгондой, өрт чыккан маалда Зехра Сена апасына чалып кечирим сураган.

Эске салсак, 21-январга караган түнү 12 кабаттуу жыгачтан курулган «Карталкая» мейманканасында өрт чыккан. Маалым болгондой өрт мейманкананын ресторан бөлүгүндө чыккан. Жалпысынан өрт кырсыгынан 79 адам каза болуп, 51 адам жаракат алган.

Количество просмотров: 440