Түркиянын Измир шаарында болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 95ке жетти. Бул тууралуу республиканын Өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктар агенттигине шилтеме берүү менен РИА Новости жазды.
Буга чейин каза тапкандардын саны 92ге жеткени кабарланган.
«Акыркы маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 994кө жетип, 95 киши каза болду», — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Түркиянын батышындагы Измир шаарында 30-октябрда 6,6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Очогунун тереңдиги 16,5 чакырымды түзүп, ондогон бийик имараттар урап калган.