Түркиянын Болу провинциясындагы Карталкая лыжа базасындагы мейманканадан өрт чыкты. Анын кесепетинен 10 адам каза болуп, дагы 32 адам жарадар болгонун Daily Sabah жергиликтүү бийликке таянуу менен билдирди.
Өрт 21-январга караган түнү 11 кабаттуу мейманкананын 4-кабатында башталган. Өрттү өчүрүүгө 200дөн ашык куткаруучу катышты.
Болу облусунун башчысы Абдулазиз Айдин өрттүн келип чыгуу себептери азырынча тактала электигин билдирди. Анын айтымында, өрт ресторан жайгашкан кабаттан чыккан. Окуя болгон учурда мейманканада 234 конок болгон. Мейманканада канча кызматкер болгону тактала элек.
Kartalkaya лыжа базасы Стамбулдан болжол менен 270 километр алыстыкта, Короглу тоолорунда жайгашкан популярдуу эс алуу жайы.