• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Түркиядагы Зираат банкы Кыргызстанда ачылабы?

20 Аяк оона 202416:27 Бишкек Govori.TV

Анкарада Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев менен банктар ассоциациясынын жетекчиси жана Зираат банкынын башкы директору Алпаслан Чакардын жолугушуусу болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда тараптар кызматташууну талкуулоо үчүн Кыргызстан менен Түркиядагы банк өкүлдөрүнүн жолугушуусун уюштурууну макулдашты.
Ошондой эле Түрк мамлекеттеринин банктар ассоциациясынын жыйынын Кыргызстанда өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Өлкөлөр ортосундагы экономикалык байланышты чыңдоого жардам бере турган Зираат банкынын Кыргызстанда филиалын ачуу негизги маселелердин бири болду.

Казакбаев бул кадамдын маанилүүлүгүн белгилеп, Алпаслан Чакарды мындан аркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Кыргызстанга иш сапары менен келүүгө чакырды.

Количество просмотров: 119