• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Түркиядан Кыргызстанга дагы төрт чартердик каттам уюштурулат

7 Теке 2020 9:25 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги маалымат таратты. Анда 8, 15, 22 жана 29-июлда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча атайын чартердик рейстер пландаштырылганы жазылган.

Чартердик каттам Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы башкы консулдук түзгөн тизмеге жараша аткарылат. Ошондой эле «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын 2020-жылдын 8-июлуна чейинки регулярдуу рейстерине жарандардын мурун сатып алган билеттери 8-июлдагы чартердик авиарейске жарактуу болору кабарланды.

8-июлдагы чартердик каттам менен жүздөн ашык кыргызстандык жаран башка чет өлкөлөрдөн Стамбул аркылуу Бишкекке кайтары маалым болду.

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы эки миңге жакын кыргызстандык атайын уюштурулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан.

Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык расмий катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап, иштешет.

Количество просмотров: 75