• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Түркиядан ташылып келе жаткан 22 тонна балык тоюту артка кайтарылды

25 Бештин айы 202512:58 Бишкек Govori.TV

«Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайында 22 тонна балык жеми артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, балык тоюту Кыргызстанга Түркиядан алып келе жаткан.

Текшерүүдө ЕАЭбдин ветеринардык-санитардык талаптарынын сакталбагандыгы аныкталды.

Натыйжада инспекторлор тарабынан жүктү артка кайтаруу боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, товар Кыргызстандын аймагына киргизилген жок.

Жүк «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу кайра Түркияга жөнөтүлдү

Количество просмотров: 171