Учурда жер титирөөдөн жабыркаган Түркия Республикасынын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 12 млн 350 миң сом чогулду. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евродо валютасында каражат которо алышат.
Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)» (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
Төлөм коду: 14411100 — «Учурдагы жардам».