• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Түркияга жардам. Кыргызстандын мамлекеттик орган кызматкерлери бир күндүк маянасын которууда

13 Бирдин айы 2023 12:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын кызматкерлери Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга бир күндүк маяналарын материалдык жана каржылык жардам катары которууну улантууда.

Бир күндүк эмгек акысын төмөнкү мамлекеттик органдар которду:

  • КР президентинин администрациясынын жетекчилиги жана кызматкерлери;
  • КР Финансы министрлигинин кызматкерлери;
  • КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин жетекчилиги жана кызматкерлери;
  • КР Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери;
  • Бишкек мэриясынын аппарат кызматкерлери;
  • Жогорку Кеңештин депутаттары (эки күндүк маянасын);
  • Бишкек акимчилигинин кызматкерлери;
  • Бишкек шаарынын саламаттык сактоо башкармалыгынын кызматкерлери;
  • Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;
  • Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын кызматкерлери;
  • Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин кызматкерлери;
  • Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери;
  • Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлери;
  • Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;
  • Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери;
  • Коргоо министрлигинин кызматкерлери;
  • Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Учкун» ААКнын эмгек жааматы:
  • Билим берүү жана илим министрлигинин эмгек жамааты;
  • Улуттук статистика комитетинин эмгек жааматы;
  • Энергетика министрлигинин эмгек жамааты.

Эске салсак, Кыргызстанда Түркиядагы катуу жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүүгө каражат топтоо үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалаган ар бир адам каражат которо алат:

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсеп № 1350102119900169 “КР финансы министрлигинин трназиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, АКШ доллары, евро);

Төлөм коду 14411100 – “Учурдагы жардам”;

Максаты: Түркия Республикасына жарандардан жана юридикалык тараптардан жардам.

Ошондой эле КР ӨКМ түз байланышы иштөөдө.

Маалымат үчүн номерлер:

  • ӨКМ —112;
  • КР Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борбору — (0312) 662292.
Количество просмотров: 61