• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Түркмөнстанда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө болду

16 Баш оона 2023 15:52 Бишкек Govori.TV

Шаршемби күнү Түркмөнстанда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги Германиянын геологиялык илимдер борборуна (GFZ) шилтеме кылып кабарлады.

GFZ маалымдагандай, жер титирөө 48 чакырым тереңдикте болгон.

Earthquakelist басылмасынын маалыматына караганда, 16-август күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 06:37де Түркмөнбашы шаарынан 31 чакырым алыстыкта, Каспий деңизинде күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Басылма жер титирөө 45 чакырым тереңдикте болгонун белгилейт.

Өлкө тарыхындагы эң кыйратуучу зилзала 1948-жылы болуп, Ашхабадда көптөгөн адамдын өмүрү кыйылган.

Түркмөнстан, анын ичинде борбору Ашхабад сейсмикалык активдүү зонада жайгашкан. Өлкөдө билинер-билинбес жер силкинүүлөр маал-маалы менен катталып турат.

Түркмөнстандын маалымат каражаттары табигый кырсыктар, анын ичинде жер титирөөлөр тууралуу маалымат беришпейт. Акыркы он жылда өлкөнүн өкмөтү көп кабаттуу үйлөрдү курууга миллиарддаган доллар сарптады.

Количество просмотров: 110