22-майда саат 13:34тө кыргыз-өзбек чек арасында күчү 3 баллга жакын жер титирөө катталды.
Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын Кызыл-Жар айылынан 4 чакырым батышты, Үч-Коргон айылынан 6 чакырым түндүк-батышты, Таш-Көмүр шаарынан 25 чакырым түштүк-батышты жана Наманган шаарынан (Өзбекстан) 35 чакырым түндүк-чыгышты көздөй жайгашкан.