• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түркмөнстандын ишканаларында айлыктар кечиктирилүүдө

22 Бештин айы 2023 9:02 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын Балкан облусундагы бир нече мамлекеттик ишкананын жумушчулары 4-5 айдан бери маяналарын ала элек. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

150гө жакын адам иштеген кемелерди оңдоочу «Балкан» ишканасынын жумушчулары бардык милдеттенмелерин аткарганына карабастан, беш айдан бери айлык берилбей жатканын билдиришти.

Мындан тышкары балык консервасын өндүргөн «Хазар Балык» ишканасынын жумушчулары да төрт айдан бери айлык ала электигине даттанууда. Жумушчулардын айтымында, акыркы эки жылдын ичинде бул ишканадагы иш орундары кыскартылып, өндүрүш азайган. Мурда ишканада 500дөн ашык киши иштесе, азыр алардын саны 250гө жетпейт.

Түркмөнбашы шаарынын автопаркында иштеген жумушчулар болжол менен августтан бери айлык ала элек.

«Таксисттер, механиктер жана автобус айдоочулары төрт айдан бери айлыксыз иштеп жатышат. Алар жок дегенде Жаңы жылдык майрамдардын алдында акча алабыз деп үмүттөнүүдө», – деген ишкана жумушчуларынын бири.

Балкан облусундагы мамлекеттик ишканаларда айлыктардын кечеңдеши өлкөдө уланып жаткан экономикалык көйгөйлөрдүн фонунда болууда.

Мамлекеттик мекемелер менен ишканалардын жумушчуларына маяналарды өз убагында берүү маселесин өлкө президенти Сердар Бердымухамедов өкмөттүн 18-декабрдагы жыйынында көтөргөн.

«Президент акимдерге Жаңы жылга карата салтанаттуу иш-чараларды жогорку даярдыкта өткөрүү, соода жайларында жеткиликтүү баадагы азык-түлүктүн мол болушун камсыз кылуу жана жумушчуларга айлыктарын өз учурунда төлөө буйруктарын берди», – деп жазды Мамлекеттик маалымат агенттиги.

Количество просмотров: 135