Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин катчысы менен ички иштер министрин алмаштырды. Күч түзүмдөрүндөгү кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу Бердымухамедов Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирген.
Маалыматка караганда, президенттин чечими менен коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер кызматы жоюлду. Бул кызматты Коопсуздук кеңешинин иштен алынган катчысы Чарымурат Аманов аркалап келген. Бердымухамедов вице-премьер кызматы эмне себептен жоюлганын так айткан эмес. Ички иштер министри Овездурды Ходжаниязов буга чейин ага катуу сөгүш жарыяланып, эскертүү алгандыгы үчүн кызматтан четтетилгени кабарланды.
Кошумчалай кетсек, Сердар Бердымухамедов – өлкөнүн мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу. Ал 12-мартта мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо жеңүүчү деп табылган. 19-мартта жаңы шайланган президент өкмөттү таркатып, экономика жана каржы маселелери боюнча вице-премьерден башка бардык министрлерди кайрадан өз кызматтарына дайындаган. Сердар Бердымухамедов бул кадрдык өзгөрүүлөр тууралуу чечимдерди атасы Гурбангулы Бердымухамедов эмгек өргүүсүндө жүргөн маалда кабыл алды.