• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Түркмөнстандын президенти «Кадыр түндүн» урматына 500дөй жаранга ырайым берди

17 Чын куран 2023 14:37 Бишкек Govori.TV

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов «Кадыр түндүн» урматына 463 жаранга ырайым берди.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, тиешелүү жарлыкка министрлер кабинетинин жыйынында кол коюлду.

Документке ылайык, мунапыс алгандар абактан бошотулат.

Бердымухамедов облустук, райондук жана шаардык администрациялардын башчыларына ырайым алган жарандарды иш менен камсыздоо тапшырмасын берди.

Түркмөнстандын президенти жыл сайын «Кадыр түнгө» карата соттолгон адамдарга мунапыс жарыялайт. Былтыр республика боюнча 514 киши ырайым алган.

Количество просмотров: 74