8-июнда Алматы облусунун прокуратурасы өзбекстандык төрт жарандын кандуу январь окуялары учурунда кармалгандан кийин кыйноого алынганын билдирген арызын каттады.
Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына “Эл аралык укуктук демилге” бейөкмөт уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Айна Шорманбаева билдирди.
Анын айтымында, Өзбекстандын төрт жараны 2022-жылдын январында камакта кыйноого кабылган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов менен бирге камакта болгон. Казакстандык мамлекеттик ЖМКлары аны “жалданма согушкер” катары көрсөтүүгө аракет кылышкан.
«Алар [төрт өзбекстандык] куугунтуктан коркуп, арыз жазбай Казакстандан чыгып кетишкен. Айыгып кетээри менен алар жумушка орношушту. Биз өзүбүз Өзбекстанга барып, алардын көрсөтмөлөрүн алып, прокуратурадан бул арыздарды тергелип жаткан ишке тиркөөнү (Алматы облусунун прокуратурасы Викрам Рузахунов менен Чолпонбек Сыдыков жабырлануучу катары өтүп жаткан кыйноо боюнча ишти тергеп жатат) жана аларды жабырлануучу катары таанууну суранганбыз. Прокуратура биздин арызыбызды канааттандырды”, — деди Айна Шорманбаева.
Укук коргоочу коопсуздук үчүн алардын аты-жөнүн жарыялабоону суранды. Колдо болгон маалыматка караганда, жабырлануучулардын эң кичүүсү 26, эң улуусу 48 жашта. Алардын үчөө бири-бири менен тууган. Төртөө тең Өзбекстандын жарандары.
Былтыр Казакстандагы январь айындагы кандуу окуя учурунда ошол кезде жеке иштери боюнча Алматыда жүргөн музыкант Викрам Рузахуновду күч кызматкерлери кармап кетип, тоноп, катуу сабаган. Аны коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана коё берип, Бишкекке жөнөткөн. Кабыргалары сынып, мээси чайкалган музыкант кыйноого кабылганын айтып чыккан.