• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түштүк Корея лидери COVID-19дун 2-толкунун токтото албай жатканы үчүн элден кечирим сурады

14 Бештин айы 2020 13:34 Бишкек Govori.TV

Түштүк Кореяда бир суткада коронавирус жуктурган 1 030 жаңы учур катталды. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч.

Батыш басылмаларынын маалыматына караганда, өлкөнүн президенти Мун Чже Ин абалды өтө оор деп баалап, бийлик COVID-19дун экинчи толкунун токтото албай жатканы үчүн элден кечирим сурады.

Жаңы учурлардын көбү Сеулдун аймагында катталууда. Буга байланыштуу бийлик чектөө чаралары азыркыдан да катаалдатылышы ыктымал экенин билдирди. Өкмөт мектептерди жабууга, 10 кишиден көп топтолууга тыюу салууга жана жумушка аралыктан иштөөгө мүмкүн болбогон кызматкерлердин гана баруусуна уруксат берүүгө ниеттенүүдө.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 50 кишиден ашык топтолууга, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган. Кафелер тамак-ашты кардардын үйүнө жеткирип берип гана иштеп жатышса, ресторандар 21:00 жабылууда.

Түштүк Кореяда пандемия башталгандан бери 42,7 миңден ашык кишиге коронавирус жугуп, 580 бейтап каза болду.

Количество просмотров: 69