• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Актаудагы авиакырсык. Путин Алиевден трагедия үчүн кечирим сурады

28 Бештин айы 202420:12 Бишкек Govori.TV

Кремлдин басма сөз кызматынан Россиянын президенти Владимир Путин менен Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү өткөнү тууралуу маалымат берилди.

Кремлдин расмий сайтына ылайык, сүйлөшүүдө мамлекет башчылары 25-декабрда Казакстандын Актау шаарынан жакын жердеги «Азербайджан авиакомпаниясынын» жүргүнчү учагынын кырсыкка учурашына байланыштуу маселелерди кенен талкуулашты. Владимир Путин бул трагедия Россиянын аба мейкиндигинде болгондуктан, кечирим сурап, кайтыш болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең жана чын дилинен көңүл айтуу менен, жабыркагандарга ыкчам айыгып кетүүнү каалаган.

Сүйлөшүү учурунда белгиленгендей, каттамын так аткарып жаткан азербайжандык жүргүнчү учагы Грозный шаарындагы аэропортко бир нече жолу конууга аракет кылган. Ошол маалда Грозный, Моздок жана Владикавказ аймактарында украиналык куралдуу дрондор тарабынан соккулар болгон, ал эми Россиянын ПВО күчтөрү ушул чабуулдарга каршы туруштук көрсөтүшкөн.

Россиянын Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренеси («Аба транспортуна байланыштуу коопсуздук эрежелерин бузуу») боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда баштапкы тергөө иштеринин жүрүшү жана жарандык жана аскердик адистердин көрсөтмөлөрү алынып жатат.

Азербайжандын Башкы прокуратурасынын эки кызматкери азыр Грозныйда, ал жерде РФ Россиянын Башкы прокуратурасынын жана Тергөө комитетинин өкүлдөрү менен бирге иштеп жатканы белгиленди.

Россия, Азербайжан жана Казакстандын тиешелүү кызматтары Актаудагы кырсыктын ордуна жакын тыгыз кызматташып жатышат, деп айтылат маалыматта.

25-декабрда Azerbaijan Airlines компаниясына таандык, Баку-Грозный багытында бараткан жүргүнчү учак Казакстандын Актау шаарына жакын жерде кыйраган. Грозныйдын аэропорту учакка конууга уруксат бербей, Махачкалага жиберген. Учак Казакстанга багыт алып, аба майданына жетпей кулаган.

Борттогу 67 адамдын 38и каза болуп, калганы жаракат алган.

Учак орусиялык “Панцирь” системасынан атылган дүрмөттөн жабыркаганы кабарланып, Орусия тарап буга комментарий бербей жаткан.

Орусиянын Жарандык авиация агенттигинин (Росавиация) жетекчиси Azerbaijan Airlines компаниясынын учагы конууга аракеттенген маалда украиналык дрондор Грозныйга чабуул коюп жатканын жума күнү билдирген.

Азербайжан тарап иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгына таянып кырсыкка «тышкы кийлигишүү себеп болду» деген маалымат тараткан.

Количество просмотров: 379