Бишкек.27.05.2019.Govori.TV.
Бүгүн эртен менен Тилек Токтогазиев Өкмөткө чакырылгандыгын кабарларган. Өзүнүн талапкерлигин Айыл чарба министри кызматына сунуштаган жаш ишкерден Өкмөткө барганында алдыдагы пландары, эмгек жолу тууралуу суроо салышкан.
Эске салсак, «Бир Бол» фракциясынын сунушу менен кызматка келген мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев 24-майда кызматтан кетүү жөнүндө арыз жазган. Бул кызматка ал 2016-жылдын аягында дайындалган.