• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Түз эфир: Алымкадыр Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып жатат

4 Кулжа 2022 19:45 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасы каралып жатат.

Бейшеналиев журналисттердин суроолоруна жооп берип, төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Сурак болду. 3-июнь күнү саат тогуздан алтыга чейин сурашты. Башкы прокурор Курманкул Зулушевди убактылуу кызматынан четтетип туруу чечимин туура деп ойлойм»,-деди Бейшеналиев.

Белгилей кетсек, Бейшеналиевге карата “коррупция” беренеси боюнча, эки иш “опузалап пара алуу”, төрт иш “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана билип туруп пайдасыз контракт түзүү” беренелеринин негизинде иш козголгон.

Количество просмотров: 683