• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Түз эфир: Бейшеналиевге жооп. Исманкулов, Акрамов жана медициналык коомчулуктун кайрылуусу

18 Жалган куран 2022 11:10 Бишкек Govori.TV

Алымкадыр Бейшеналиев министр болгондон бери бир катар ооруканалар жоюлуп, айрымдары бириктирилип, түзүмүн өзгөртүп жатат. Ооруканаларды узак жылдан бери жетектеп келген башкы дарыгерлер, директорлор алмашып, бул иш ар кандай чыр-чатактар менен коштолгон учурлар орун алды. Министр муну реформа жасоо аракети катары сыпаттап келет.

Жакында эле, Бейшеналиев Эрнст Акрамов жетектеген Чүй облустук ооруканасындагы калыбына келтирүүчү хирургия илимий институту жабылганын билдирген. Борборду жетектеген 85 жаштагы Акрамов кызматтан алынганын, мекемеге жаңы башкы дарыгер дайындалганын кошумчалаган.

Буга чейин, министрлик Бишкектеги №6 оорукананын имаратында жайгашкан Алмазбек Исманкуловдун менчик медициналык борборун ооруканага кайра кайталып алганын билдирген. Мекемеге барып, Исманкуловдун клиникасы дагы да иштеп жатканын көргөн Бейшеналиев ага мекемени тез арада бошотуу талабын койгон.

Бүгүн, 18-мартта Бейшеналиевге жооп кылуу максатында Исманкулов, Акрамов жана медициналык коомчулук кайрылуу жасоодо.

Количество просмотров: 1219