• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түз эфир: «Бурулай, Айзада… дагы ким?» Бишкекте ИИМдин алдында зомбулукка каршы митинг өтүүдө

8 Чын куран 2021 12:17 Бишкек Govori.TV

Ала качууга кабылып, киши колдуу каза тапкан 27 жаштагы кыздын өлүмү коомчулуктун үрөйүн учуруп, бүгүн, 8-апрелде Ички иштер министрлигинин имаратынын алдында нааразычылык акциясы өтүп жатат. Анда милициянын дарегине ачуу сындар айтылууда.

Акциянын катышуучулары «Кайдыгерлер министрлик менен зөөкүр кылмышкерлер жазалансын!!!» деген ураан чакырып жатышат.

Кечээ, 7-апрелде Бишкектен уурдалган 27 жаштагы кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада унаадан табылган. Ала качууга шектелип жаткан жаран кызды муунтуп өлтүрүп, өзүнө бычак сайып каза болгон. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүүдө.

Количество просмотров: 236