Бишкек. 30.01.2019. Govori.TV
КТРК Байкоочулар кеңещинин мүчөлүгүнө Чынар Капарова өтпөй калды.
Жогорку Кеңештин түшкү танааписке чейинки жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүн шайлоонун жыйынтыгы менен Чынар Капарова өткөн. А бирок, депутаттардын талаш пикиринен кийин бул маселе түштөн кийинкиге калтырылган.
Депутаттар жашыруун добуш беришип, эң көп добушту талапкер Чынар Капарова алды. Ага 79 депутат “макул”, 16сы “каршы” деп добуш беришкен.
Түштөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттары пикирин өзгөртүп, Чынар Капарованын 79 добушун жокко чыгарып, “дем албай” 5 саат тартышып отуруп, 77 добуш менен Атыргүл Сарыбаеваны шайлашты.