• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түз эфир: Эмилбек Каптагаев чек арадагы чырды чечүүнүн жолдорун атады

18 Аяк оона 2019 14:11 Бишкек Govori.TV

Коомдун ишмер Эмилбек Каптагаев чегара маселесин тезинен чечүүнү талап кылып жаткандар бир нерсени так түшүнүштөрү зарыл — жер талаш жөн эле жай отуруп сүйлөшүп чечип коюучу маселе эмес, деп Govori.TVнын түз эфиринде айтты.

«Чечүүнун биринчи жолу — СОГУШ. Мындай болсо талаш жерди күчтүүсү алат.

Экинчи жолу — КЕЛИШҮҮ. Мындай жолдо биз дагы, алар дагы кайсы бир талаш болуп турган жерлерден баш тартышыбыз зарыл, бул жерди биз алалы, ал эми бул жерди силер алгыла, же бул жерди тиги жерге айырбаштайлы деп.

Үчүнчү жолу — ушундай болуп талашып-тартышып, түртүшүп кете берүү, ондогон балким жүздөгөн жылдар бою. Бүгүн бирөө жазды эле — дүйнөдө 200 гө жакын эгемендүү мамлекет болсо ошонун 70 ке чукулунун өз ара чегара талашы бар деп», — дейт Каптагаев.

Анын оюнча бул үч жол тең дүйнөлүк тарыхта кеңири жазылган. Тилекке каршы башка жол жок.

«Кеп биздин коомчулук кайсы жолун колдойт, мына ошондо. Ошол эле «тез чечкиле!» деп талап кылып кыйкырып жаткандардын ар бири өзүнө суроо салуусу абзел — мен чечсем кайсы жолду тандайт элем? — деп. Эгерде 2-жолун колдосо, анда «сатып жибериптир, берип жибериптир» дебей Өкмөт коңшу өлкө менен кандай чечимге келсе ошого макул болууга туура келет», — деп айтат Каптагаев.

Количество просмотров: 196