• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Түз эфир: Кой-Таш окуясы боюнча сот уланууда. Атамбаев дагы эмне кылат?

22 Чын куран 2022 10:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча сот отуруму уланууда.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевди «Батукаев иши» боюнча кармоо операциясы 2019-жылы анын Кой-Таштагы үйүндө өткөрүлгөн. Күч органдарынын операциясы учурунда бир адам (УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков) каза болуп, 175 адам жараат алган. Жалпысынан бул үчүн 19 киши айыпталып, алардын 14нүн иши сотко өткөн.

Белгилей кетсек, Атамбаевге Кой-Таш, Октябрь окуялары жана мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо, бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз берүү деген айыптар тагылган.

Атамбаев өзү жана тарапташтары коюлган кинелерди саясий куугунтук деп баалап келет.

Количество просмотров: 45