• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурум жылды

25 Жетинин айы 2020 14:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурум болду. Сотто Азирет Медеров төрагалык кылды.

Отурумга ооруп калгандыгына байланыштуу Карыпбек уулу жана кан басымы түшүп кеткендиктен Атамбаев алынып келген жок.

Ага байланыштуу отурум 27-ноябрга жылдырылды.

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөө органдарына күчтөп алып келүү учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, ондогон адам ар кандай жаракат алган.

8-август күнү кечинде Атамбаев кармалып, Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Атамбаев баш болгон бир топ тарапташтары да камакка алынган.

Количество просмотров: 44