• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Түз эфир: Кыргызстанда ЖРТга каттоо башталды

3 Жалган куран 2023 10:07 Бишкек Govori.TV

27-февралда өлкө аймагында жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо ачылды. Эми ал 7-апрелге чейин уланмакчы. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Усеналиев билдирди.

Анын айтымында, каттоо акысы 2023-жылы ар бир абитуриент үчүн негизги тестке жана ар бир предметтик тестке 470 сомду түзөт.

«Тест болжол менен 2023-жылдын 19-майынан 24-майына чейин өткөрүлөт. Өлкө боюнча бардыгы болуп 120га жакын тест борбору уюштурулат»,-деди ал.

Каттоодон өтүү үчүн керек болгон документтер:

  • Паспорт;
  • Орто билим жөнүндөгү аттестат;
  • ЖРТга каттоо акысы төлөнгөндүгүн тастыктаган квитанция;
  • талаптарга ылайык келген электрондук сүрөт.

ЖРТга онлайн каттоо боюнча суроолор пайда болсо, төмөнкү телефон номерлерине кайрылуу мүмкүн: (0312 66-48-38, 0770 66-48-38)

Количество просмотров: 2706