Октябрь окуяларына толук бир жыл толду. 2020-жылдын 4-октябрында талаштуу парламенттик шайлоодон кийин бийлик алмашты. Баш мыйзамы өзгөртүлүп, Кыргызстан президенттик башкарууга келди. Алдыда кайрадан парламенттик шайлоо күтүлүүдө. Кыргызстан Октябрь окуяларынан эмне сабак алды, өлкөнүн алдыдагы багыты кандай болот? Жана башка ушундай суроолордун тегерегинде маек курмакчыбыз.
Эфирдин коногу октябрь окуяларынын катышуучусу, мурдагы айыл чарба министри Тилек Токтогазиев.