• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Түз эфир: Парламент жыйынга чогулду

16 Жетинин айы 2022 10:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезектеги жыйынга чогулду.

Күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-9084/22, 14.05.2022) (Социалдык саясат боюнча комитет);

2. “Жамааттык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 25.05.2022деги кир.№ 6-10262/22) (Социалдык саясат боюнча комитет);

3. “2022-жылдын 19-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна ылайык товарларды ташууда бажы алымдарын, салыктарды, атайын, антидемпингдик жана компенсациялык алымдарды төлөө боюнча милдеттенмелердин аткарылышын камсыздоону колдонуунун өзгөчөлүктөрү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 23.08.22деги кир. № 6-16811/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

4. “2022-жылдын 20-апрелинде Баку шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба каттамдары жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 05.09.22деги кир. № 6-17251/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

5. “2017-жылдын 28-февралындагы Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы “Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи гидроагрегатын эксплуатациялоого киргизүү” долбоорун каржылоо үчүн Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө макулдашууга 2022-жылдын 15-апрелинде кол коюлган № 2 кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (үчүнчү окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 12.08.2022деги кир.№ 6-16545/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

6. “Мамлекеттик күзөт жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (экинчи окууга киргизилет)  (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, кир.№ 6-8989/22, 13.05.2022) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

7. “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 03.06.2022деги кир.№ 6-11221/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет);

8. “2021-жылдын 8-апрелинде Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Венгрия Өкмөтүнүн ортосундагы Жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү эл аралык автомобилдик ташуулар жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 30.06.2022деги кир.№ 6-14452/22) (Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитет, Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитет);

9. “Жарнама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 22.06.2022деги кир.№ 6-13368/22) (Социалдык саясат боюнча комитет, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитет);

10. “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 28.06.2022деги кир.№ 6-13983/22) (Социалдык саясат боюнча комитет);

11. “Кыргыз Республикасынын социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (биринчи окууга киргизилет) (демилгечи – Министрлер Кабинетинин Төрагасы, 26.09.22деги кир. № 6-19315/22) (Социалдык саясат боюнча комитет, Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет).

Количество просмотров: 125