• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Түз эфир: Шайлоонун жыйынтыгы боюнча эл аралык байкоочулар маалымат берет

1 Бештин айы 2021 12:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-декабрда «Кабар» маалымат агенттигинде 28-ноябрда өткөн Жогорку кнештин депутаттарын шайлоодогу мыйзамдуулуктун сакталышына көз салган эл аралык байкоочулар маалымат берүүдө.

Маалымат жыйындын катышуучулары:

  • Максим Лесков — эл аралык байкоочу (Орусиялык «Эркин тандоо» фонду);
  • Алексей Глухов — эл аралык байкоочу;
  • Муканова Нурипа Аалиевна — Кыргыз Республикасынын Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин жетекчиси.

Маалымат жыйында президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин башкы катчысы Нурипа Муканова Антикоррупциялык ишкердик кеңештин ыкчам байланыш Телеграмм каналы, интернет сайтына жарандар үгүт маалындагы жана шайлоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча маалыматтарды жиберип турганын билдирди.

Анын айтымында, Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеш платформаны демилгелеген. Максаты административдик ресурс колдонууга, добуш сатып алуу өңдүү шайлоо маалындагы мыйзам бузууларга бөгөт коюу.

«Кеңеш таза жана ачык шайлоо үчүн 1 ай аралыгында жигердүү иш алып барды. Президенттин саясатын колдоо иретинде аталган платформаны түздүк. Бизге жалпысынан 206 арыз түштү. Даттануулар Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына, Ички иштер министрлигине, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жөнөтүлдү»,-деди ал.

Кошумчалай кетсек, Антикоррупциялык ишкердик кеңеш коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик бийлик органдары менен жарандык коомдун ортосунда иш алып барат. Ошондой эле, бизнести өнүктүрүү, инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн шарттарды түзөт. Антикоррупциялык ишкердик кеңеш президенттин жарлыгы менен 8-июлда түзүлгөн.

Количество просмотров: 77