Түз эфир: Жогорку Кеңеш 3 депутатты жоопко тартуу маселесин карайт
Түз эфир: Жогорку Кеңеш 3 депутатты жоопко тартуу маселесин карайт
1 Бештин айы 202110:10 Бишкек Govori.TV
Бүгүн, 1-декабрдапарламент имаратынын жыйындар залында Жогорку Кеңештин жыйыны өтүп жатат.
Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты А.Ш.Жээнбековду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.З.Зулпукаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Б.Ж.Жетигеновду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү тууралуу;
«Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору;
«Кыргыз Республикасынын энергияны үнөмдөө чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына («Энергияны үнөмдөө жөнүндө», «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын долбоору;
«Энергиянын кайра жаралуучу булактары чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзамга карата президенттин каршы пикири;
«Президентин каршы пикири менен кайрадан кайтарылып берилген «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу тобун түзүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 30-сентябрындагы № 4892-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору;
«Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 264-тескемеси жөнүндө» Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.
Бишкекте ТМУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу башталды
Кыргызстандын президентинин администрациясында Түрк мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын/вице-президентинин жолугушуусу башталды. Алгач, жолугушуу башталаар …